“Ата журтчу” 3 депутат боюнча өтүп жаткан сотто Бишкек ШИИББинин тергөөчүсү суралууда

Бүгүн, 11-июнда Бишкек шаардык сотунда депутаттар Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаров боюнча кезектеги сот иши уланып жатат. Учурда Бишкек шаардык ИИББинин тергөөчүсү Алмазбек Абдыразаков күбө катары суралууда. Жактоочулардын айтымында, Абдыразаков ишти иликтеген тергөө тобуна кирген эмес. Жактоочу Шарабидин Токтосунов “сиз тергөө тобунда жок экенсиз, бирок кантип 6 адамды суракка алып, милиция кызматкерлерин жабырлануучу деп таптыңыз?” деп суроо берди. Буга тергөөчү “мага тергөөчүнүн милдетин аткаруу боюнча буйрук чыгып, ошондуктан 6 адамды сурагам. Бирок алар кимден жабыр тартканы белгисиз эле. Анткени аларды ким тээп, ким урганы белгисиз болчу” деди. Айыпталуучу Камчыбек Ташиев тергөөчү адамдын тагдыры менен ойноп, саясий буйрукту аткарып жатканын айтты. “Сотто жабырлануучу катары суралган 6 адам бизден жапа чекпегенин айтты. Сиз кантип аларды жабырлануучу деп биздин ишке тиркеп салдыңыз. Аларды ким уруп-сокконун таппайсыңарбы?” деп кызууланды Ташиев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан