14-февраль күнү саат 12:46 чамаларында Кыргыз жараны Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин чатырынан түшүп кетип каза болгон. Анын аты жөнү-такталып, сөөгүн туулган айылына алып кетүү үчүн туугандарына кабар берилгенин SUPER.KG'ге Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы элчилигинен кабарлашты.
Маалым болгондой, ал Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы Таш-Курган айылында 1989-жылы туулган Т.А.Х. аттуу тургун болгон. Ал аталган шаарда көчө шыпырып иштечү.
Анын үйдүн чатырынан кулап кетүүсүнө коопсуздук эрежерлерди сактабаганы себеп болушу мүмкүн. "Каза болгон жарандын сөөгү шаардагы соттук-медициналык бюросунун өлүк сактоочу жайында сакталууда. Анын туугандарына кабар берилип, кандай документтер керек экендиги тууралуу түшүндүрдүк жана "Жүк-200дү" Кыргыз жерине жеткирүүгө жардам берерибизди айттык. Ошондой эле дипломатиялык каналдар аркылуу Орусиянын Тергөө комитетинин Санкт-Петербург шаарындагы тергөө бөлүмүнө расмий кат жибердик", - деп билдиришти элчиликтен.