Туманга байланыштуу "Манас" эл аралык аэропорту убактылуу жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда аталган мекеменин маалымат катчысы билдирди.
"Учурда аба гаваны учактарды кабыл албай жана коё бербей жатат. Аэропорттун аймагын коюу туман каптаган. Азыркы тапта жүргүнчүлөрдү алдын ала каттоодон өткөрүп жатабыз, бирок рейстер жылдырылууда", - деп билдирди аэропорттун маалымат катчысы.
Ошондой эле туманга байланыштуу аэропортко коно турган рейстер Оштогу жана Алматыдагы аэродромдорго жиберилгенин кошумчалады.