Кечээ Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымында түшкөн кар көчкү толугу менен тазаланып, жол каттамы ачылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"№23-жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, 1 грейдер, 1 самосвал жана 3 кызматкер тартылып, Бишкек-Ош унаа жолу тазаланып, саат 22:00дө эки тараптуу жол ачылды", - деп билдирди ӨКМ.
Белгилей кетсек, кар көчкү 15-февраль күнү саат 19:20 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымында көлөмү 1 миң 800 метр куб түшкөн. Буга байланыштуу жол каттамы убактылуу жабылган. Адам өмүрүнө зыян келген эмес.