ӨКМ: "Арал-Миң-Куш унаа жолунда кар көчкүнүн ортосунда калган адамдар куткарылды"

Нарын облусунун Жумгал районундагы Арал-Миң-Куш унаа жолунда кар көчкүнүн ортосунда калган адамдар куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 15-февраль күнү саат 20:00 чамасында Арал-Миң-Куш унаа жолунун 1-чакырымында 3 кар көчкү түшкөн. Кар көчкүнүн ортосунда 2 жеңил унаа менен 7 адам калган. Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери барып, кар көчкүнү тазалап, адамдарды куткарышкан. Аларга тиешелүү жардамдар көрсөтүлгөн.

Ошондой эле басма сөз кызматынан жабыркагандар жок экенин, бүгүн, 16-февралда саат 01:00дөр чамасында унаа жол кар көчкүдөн толук тазаланып, ачылганын кошумчалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан