Вице-премьер: "2018-жылы өлкөдө 3 гемодиализ борборунун ишке кириши күтүлүүдө"

2018-жылы өлкөдө 3 гемодиализ борборунун ишке кириши күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңеште вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев билдирди.

“Былтыр саламаттыкты сактоо тармагы боюнча биринчи мамлекет менен жеке менчиктин ортосундагы өнөктөштүк долбоору башталды. Былтыр 15-августта германиялык компания менен макулдашууга кол коюлган. Макулдашууда Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарына гемодиализ борборун ишке ашыруу каралган. Жалпы долбоордун баасы 10 миллион долларды түзөт. Быйыл аталган шаарларда гемодиализ борбору ачылат”, - деди ал.

Учурда Жогорку Кеңеште "Кыргыз Республикасындагы мамлекет менен жеке менчиктин ортосундагы өнөктөштүк жөнүндөгү" мыйзамынын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча парламенттик угуу өтүп жатат. Иш-чарага вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан