Германия: Банк кызматкери компьютердин клавиатурасын басып уктап калып, бирөөнүн эсебине 222 миллион 222 миң 222 евро которуп жиберген

Немис банктарынын биринде иштеген кызматкер компьютердин клавишасын басып уктап калып, кардардын эсебине 222 миллион 222 миң 222 еврону которуп алган. Ал 64,2 евро которушу керек болгон. Бул тууралуу эл аралык маалымат булактары жарыялашты. Банктын администрациясы уктап калган кызматкер иштеген бөлүмдүн башчысын иштен алган. Бирок иш атайын эмес, кокустуктан улам болгонун айткан кызматкер сотко кайрылып, сот анын күнөөсү жок экенин далилдеди. Айта кетсек, окуя 2012-жылы апрель айында болгон. Ал эми уктап калган кызматкер кандай жазалангандыгы тууралуу маалымат айтыла элек. Катачылык кеткени билинген соң акча которуу процесси жокко чыгарылган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан