III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-сентябрда башталат

III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-сентябрда Чолпон-Ата шаарында башталат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын ачылышы 2018-жылдын 2-сентябрында кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгинде орун алат. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында улуттук оюндардын 36 түрүнөн мелдештер өтөт. Бул мелдештерге 80 мамлекеттен келген 3 миңден ашуун спортчу катышат. Андан сырткары 50 мамлекеттен жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү келе турганы күтүлүүдө.

Оюнду өткөрүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 307 миллион сомдон ашык каражат жумшалат. Анын ичинен иш-чараны даярдоо үчүн Маданият, маалымат жана туризм министрлигине 175 миллион, ал эми Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине 132 миллион 200 миң сом каражат берилет.

Эскерте кетсек, өкмөт башчы Сапар Исаков 15-декабрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында 2018-жылы өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдануу иштерин уюштурууга расмий түрдө старт берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
sirgak_92
2018-02-16 15:36:59
Сапар акчаны Сапыр
0
dosmaat
2018-02-16 15:53:30
көчүгүнөн карызы куюлуп жаткан өлкөгө ушул зарыл беле? Завод, фабрикаларды курбайсыңарбы андан көрө
+6
dosmaat
2018-02-16 15:54:18
Эгемендүүлүктү алганадан бери бир көрүнүктүү эч нерсе курулбады.
+5
Sagidko88
2018-02-16 16:13:44
бечелге жотолдун кереги не? андан коро майыптарга жардам берсе, оорукана, бала бакча, мектеп курса, суу чыгарса, газ тарттырса, жол ондосо болбобу?
+4
zhykyo
2018-02-16 16:26:03
Жакшы жакшы дейли алга жана алга дейли ушинтип ушинтип онугобуз
0
NURSAPAR
2018-02-16 16:54:46
Ушул нерсени 4-5 жылда өткөрсө болбойбу дейм да, акчасы ашып жатпагандан кийин. Же анда азыраак жеп калышабы?????
+2
Baku88
2018-02-16 18:12:36
Силерге эмне дейм да отура бергиле ишиңер болбосун откоробу жокпу.
+1
MENMINGO
2018-02-16 19:51:17
Эн сонун откоро бериш керек!
+1
FCBMESSI
2018-02-16 20:10:00
Атын чыкпаса жер ортто
-1
Erkinbek1978
2018-02-16 20:52:21
Ким уюштурсада ошону көчмөндөрдүн ачылышында ХХХХХХ түртүш керек экинчи ойнобой калат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан