Жогорку Кеңештин төрөгасы Дастанбек Жумабеков мушкер Валентина Шевченкону кол саат менен сыйлады

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков спорттун эрежесиз мушташ багытына кошкон салымы үчүн Валентина Шевченкону атайын саат менен сыйлады. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, спортчу күчөтүлгөн тартипте машыгуудан өтүп жаткандыгына байланыштуу келе албагандыктан сыйлыкты тайбокс, бокс жана дзюдо боюнча эл аралык класстагы спорт чебери Валентина Шевченконун апасы Елена Шевченко алган.

Валентина Шевченко 29 жашта, учурда Перу өлкөсүндө машыгат. Таймаштарга Перунун жана Кыргыз мамлекетинин желектерин көтөрүп чыгат.​

Эскерте кетсек, Валентина Шевченко Бразилиянын Белем шаарында өткөн мелдеште Присцилла Качоейраны жеңип алган соң UFC'нин жаңыланган рейтингинде дароо эле 57 килограмм салмак ченинде 1-орунга көтөрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Azatbek83
2018-02-16 15:48:19
Озунор колдосонор Кыргызстандын атынан эле чыкмак!
+7
asan.toluktuk
2018-02-16 16:40:40
Кыргыздын желеги менен чыкпадыбы UFS ке Бишкектен квартира бериш керек болчу эми ким билет ал жакта качан кыргыз туусу которулот
+5
NURSAPAR
2018-02-16 16:51:03
Азамат, аз да болсо стимул болот.....
+1
ilgiz-kg01
2018-02-16 21:13:31
Ким сыйласада жакшы сыйлаганы үчүн, ошол кол саатты Валентинаны Кыргыз өлкөсүнө чакыртып сыйлабаптыр жакшыраак чакырса эли менен жолуканы келмек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан