"Битиңерди сыгып, канын жалагыла" деген мугалимге карата чыгарылган буйрук негизсиз деп табылып, ал кайрадан жумушун улантууда

Окуучуларын тилдегени үчүн жумуштан алынган мугалим Перизат Курманкожоевага карата чыгарылган буйрук негизсиз экени Мамэкотехинспекциясынын Эмгекти коргоо жана эмгектик мамилелер боюнча бөлүмүнүн Жумгал-Кочкор райондору боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан аныкталып, ал кайрадан жумушка чыгып иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 17-февраль күнү SUPER.KG порталына Жумгал райондук Билим берүү башкармалыгынын башчысы Фатима Омуралиева билдирди.

Анын айтымында, мугалим Курманкожоеванын кайра жумушка чыгуусу толук мыйзамдуу.

"Курманкожоевага карата чыккан буйрукту Эмгекти коргоо жана эмгектик мамилелер боюнча башкармалык негизсиз деп таап, ал кайрадан өз ишин улантууда. Аталган башкармалыктын буйругу 70 адамдан турган Миң-Куш айылынын тургундарынын кайрылуусу жана Курманкожоеванын 3 кызы бар экендиги, жолдошунун эч жерде иштебегендиги, ошондой эле анын 14 жылдык эмгек тажрыйбасы эске алынып чыгарылган. Ал кыргыз тили сабагынан мугалим болгон үчүн ар дайым макал-лакап, фразеологизмдерди колдонуп сүйлөйт. Чынында "Битиңерди сыгып, канын жалагыла" деген сөздүн маани-мазмуну сараңдыкты түшүндүрөт экен. Ал катуу угулганы менен, басмырлоого дал келбейт. Негизинен, арыздануучу ата-эненин буга чейин "арыз-доом жок" деп жазып берген каты бар. Анан кайра эле арызданып жатканы кызык болууда", - дейт ал.

Айта кетсек, Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Миң-Куш айылындагы орус тилдүү Н.К.Крупская атындагы орто мектебинде мугалим Перизат Курманкожоева 11-класстын окуучуларын жарманкеге тамак-аш жасап келбегендиги үчүн "Битиңерди сыгып, канын жалагыла" деп тилдегендиктен, №47 буйрук менен 2017-жылдын 6-декабрында Эмгек кодексинин 381-беренесинин 2-пунктуна ылайык ээлеген кызматынан бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Pandora
2018-02-17 13:01:45
Окуучулардын оздорунун кулагы жок да,мугалимди тоготпойт.Тойуп кеткен учун ушинтип айткан.
+37
boris8907
2018-02-17 14:13:45
Азыркы окуучуларды башкаа башка чаба турган
+20
meku89
2018-02-17 14:26:11
Азыркы окуучуларга сен дегенден да корккон заман болду окшойт. Биз окуп жургондо бизди башы жок бакалар, капак баштар деп урушчу эле а шакек менен чекеге соккондоручу. Ошондо деле олбой эле жакшынакай окуп бутуп кеткенбиз. Капак баш эмне экенин тушунбой эле. Азыр ата энелерде да куноо кичине бир нерсе болсо эле баласыныкын билбей эле мугалимди куноолойт окшойт.
+25
tyrgon
2018-02-17 14:44:39
азыркы окучулар кочодо кыйкырып улуп жинди болгон кишидей журушот анан бул мугалим жаны кашайганда айтты да жон эле айтпайт болуш керек окучу жон отурса эле
+15
-Sumitra-
2018-02-17 15:07:44
Ошо да.Азыркы окуучулар балээ чыкты.Биздин мектепте бир мугалим эркек балдарды капкара болуп адамдын конулун айлантпай,жакшына отургула.Эшек элесинер да дечу эле)))Унчукпай классташ балдар бутуп кетишти го.
+15
Asat17
2018-02-17 15:38:12
Окуучуларды тарбияга алыш керек. Азыркы окуучуларыбыз жумуртка))))
+12
Nanei
2018-02-17 15:46:48
Ошо тамак алып келип ярмарка кылышып,тушкон акчага жетишпеген китеп алмакчы болгон экен. Айла жоктун иши да. Олчойгон акчаны чондор жей бербей китеп менен камсыз кылып коюшса мектептнрди,мугалимдер да тамак сатып ярмарка кылбайт элего жаман корунуп ар кимге.
+10
Kulatov
2018-02-17 17:17:21
Энеси болушчаактын баласы ыйлаак дейт илгер уруп урушуп эле окуткан эч ким нерсе болгон эмес бала арызданып келсе жүгүрүп барып баласына болушкандын ордуна баласынан сен өзүң эмне кылдың эле эмнеге урду деп сураш керек эмес мугалим эч качан жаман болсун дебейт урат урушат ошого чыдаш керек чыдабагандар баласына мугалим жалдап берип окутсун.
+3
AKCAHAT
2018-02-17 17:38:58
Окуучулар булар монстрлар,таш боор тушунуксуз жаш баланын кейпин кийген макулуктар.Тарыхта эн коркунучтуу ырайымсыз кылмыштарды жасагандар да оспурумдор экен. Бул кичине адамдан чон кишиге озгорулуп аткандагы психологиялык абалдан болуш керек.Мектептик психолог иштеши керек 8-9кл баштап,смартфон интернет дагы Ото Терс таасирин тийгизуудо. Болбосо окуучулар башы мн доска сузгон,бешенесине мел учуп барып тийген, укаска мн чапкан учурлар болгон го илгери кайра апаларыбыз тил албасан рас болот дечу
+6
Medina87
2018-02-17 17:57:21
Оо башталгыч класста акыркы сабак учурунда эжекебизди бироо сыртка чакырып кетти. А биз деген чурулдап шоктонуп классты башыбызга кийип атсак эжеке кирди. Баарыбызга сумкаларыбызды карматып чогуу бойдон мектептин комурканасына камап койду. Ыйлагандар ыйлады кулгондор кулду .Жерге отуралы десек комур. Бир топтон сон эжеке келип эшикти ачканда баарыбыз кечирим суоаганбыз. Менин ак фартугум коо болуп калыптыр эле апама не дейм деп коркконумчу.
Азыркылар мугалимдерден коркпойт кайра коркутат.
+4
Azatbek83
2018-02-17 19:49:40
Мугалимдерге кыйратып акча беришпейт! Окуучулар болсо тоготушпайт сен кимсин дешет!Бар кеебир мугалимдер окуучулар тойгозуп салышат! Жогору жактан конул буруп койушса болмок ойу менен байып кыялданып жазуу турундо калтырып иш жузуно ашырбаган акылдуу шаар кырк кадамдын авторлору!
+2
bekub1473kg
2018-02-18 12:15:35
Кыйкырып бакырып эчкимди тарбия кыла албайт менин ангилис тилден берген агайым бар эле аябай жумшак отто манилуу мисал кылып тушундурот эле ошол ага себеп болуп ангилис тилтине кызыгып окугам
0
bekub1473kg
2018-02-18 12:21:23
Азыркы эжекелер палит создорду жаман создор мн урушса анан балдар омур бойу озунан жаман создор чыгат кичине менталитет деген кайда калды
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан