12-июнда саат 14:00дө Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Курманбек Бакиевдин санаалашы аталып жүргөн Пайзулла Рахмановдун иши боюнча сот процесси өтөт. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди. Эскерте кетсек, Рахманов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, кызмат адамынын наамын же бийлигин өзү билип ыйгарып алуу, массалык тартипсиздикке катышуу жана бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү беренелери боюнча айыпталып жатат. Эскертсек, Пайзуллабек Рахманов 2010-жылдын май айында эл аралык издөөгө салынып, 2012-жылдын 15-июнунда Казакстандын Жамбыл облусунда кармалган. Анын жанында өзүнө таандык Беларусь өлкөсүнүн жасалма паспорту табылган.