2013-жылдын 1-июнуна карата Бишкекте ВИЧ, СПИДге чалдыгып каттоого тургандардын саны 666 болду

2013-жылдын 1-июнуна карата Бишкекте ВИЧке чалдыгып каттоого тургандардын саны 666 болду. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, алардын 476сы эркектер, 189у аялдар. Мунун ичинен 75 эркек жана 25 аял, жалпы 100 адам СПИД оорусу менен ооругандар. 5 ай ичинде бул дарттын айынан көз жумгандардын саны 74тү түздү. Мындан сырткары 264 адам диспансердик каттоого алынса, алардын 155ин эркектер, 109ун аялдар түзгөн. Кошумчалай кетсек, 5 ай аралыгында шаарда 2315 кош бойлуу аял текшерүүдөн өттү.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан