Бензовоз кулаган Чычкан суусунан суу алынып лабораторияга жиберилди

Бүгүн, 19-февралда Бишкек-Ош жолунун Чычкан капчыгайындагы сууга “Рено” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу бензовоз кулап түшүп жарылып кеткен. Анын ичинде болжолдуу түрдө 28 тоннадан ашык Аи-92 үлгүсүндөгү бензин болгон. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын маалымат кызматынан SUPER.KG'ге кабарлашкандай, бензовоз кулаган жерден суу алынып лабораторияга жиберилди.

"Экологиялык коопсуздук боюнча инспекторлор тараптан акт түзүлүп, жыйынтыгында суу жээгинде өсүп турган 8 түп карагай, 25 түп кайың, 6 түп бадал өрттөнгөнү аныкталды. Азыркы учурда бензовоз кулаган жерден 1 чакырым жогору жактан 1,5 литр суу, ылдый тарабынан эки жерден 2 литр суунун үлгүсү алынып, лабораториялык анализге жиберилди", - деп билдиришти инспекциядан.

Маалым болгондой, өрттөнүп кеткен бензовоздун 1968-жылы туулган айдоочусу Мирлан Рыспаев жаракат алып, Токтогул райондук ооруканасына жаткырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aza84
2018-02-19 23:16:41
Акшындап айдашата
+1
Ali-han
2018-02-20 00:31:25
Кайра кайра бензин керосин төгө берип чычкан суусунун балыктарын кырып бүтмөй болдунар го!!!
+2
grace
2018-02-20 01:14:29
Анализ алсаңар, албасаңар да сууну булгап бүттүңөр! Жер байкушту айтпай эле коёлу!
0
Benazir08
2018-02-20 02:11:23
Бул мне антарылып кетейин деп акшындап уйбулосунон жадап ан чарчап кышта оор балонго трос байлап жашоодон жадаган киши дейсинерби?! Оозунарга карап суйлогуло тиргилик дейт буну. Техника кырсык каш кабактын ортосунда дейт жакшы озу аман калыптыр. Эсенчилик болсо баары болот как будто балыкты тутуп чон масштабка экспорттогондой суйлойсунор да. Башка жакта чондор кийиктерди аттырып жеп учаларды жеп сыйлуу болуп атышат го анда кийиктер козго корунбойбу?!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан