Ошто жол кире акысы жогорулашы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 20-февраль күнү SUPER.KG порталына Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын катчысы Жылдыз Бурканова билдирди.
Маалыматка караганда, жол акысын көтөрүү шаардагы муниципалдык унаа каттамдарга гана сунушталууда.
"Ош шаарына жакында алынып келген автобус жана троллейбустарды оңдоодо керектүү жабдуулардын жана күйүүчү майдын кымбатташы жол акысынын баасын көтөрүүгө себеп болууда. Учурда тийиштүү мекеме шаардык кеңешке жол акысын көтөрүү демилгесин кезектеги отурумда сунуштоону пландап жатат. Ошондо жол кире акысын 2 сомго көтөрүү сунушталууда. Ал эми маршруттук каттамдагы жол акысы ошол бойдон калат", - дейт Бурканова.
Айта кетсек, учурда шаардыктар үчүн автобустагы жол акы 8 сомду, ал эми троллейбуста 6 сомду түзүүдө. Мектеп окуучуларына жеңилдик берилип алар 1 сомдон төлөп келишсе, сунуш кабыл алынгандан тарта окуучулар 5 сомдон төлөй башташат. Ал эми башка категориядагы жеңилдиктер ошол бойдон калат.