Ал кайрадан төрөлдү. Денесинен 16 ийне табылган наристе ооруканада 1 жашка толду

Өзбекстандын жергиликтүү телеканалы денесинен 16 ийне табылган ымыркайдын абалы тууралуу видеоматериал даярдады.

Ташкент шаардык медициналык илим изилдөө борборунун дарыгери Хабибулла Акиловдун айтымында, Азизбектин абалын канааттандырарлык деп айтууга али көп бар. Бирок анын абалы күндөн-күнгө жакшырып жатат. Учурда ага жасалма дем алдыруучу аппарат дээрлик керектелбейт, көзүн ачып, эсине келип, бардык аракеттерге реакция кылат. Уйкусу жана дене табы жайында.

"11 айында Азизбекти өтө оор абалда алып келишти. Ал бир эмес, бир нече дарт менен жүргөн. Пневмания, моюн тараптары ириңдеп кеткен, ич көңдөйүндө, моюнунда, көкүрөгүндө денесинин көп жеринде ийнелер бар болчу. Табылган 16 ийненин 13үн алуу үчүн 9 сааттык операция жасалды. Бул балага физикалык жактан да, психологиялык жактан травма", - дейт дарыгер.

Ошондой эле ал 6-февралда Азизбек 1 жашка толгонун кошумчалаган. Дарыгерлер анын туулган күнүндө аны кайрадан төрөлдү деп куттукташкан. Эми ымыркайдын абалын мындан ары жакшыртуу үчүн бардык аракеттер көрүлөт жана кийинчерээк денесинде калган 3 ийне алынат. Азыр алар баланын өмүрүнө коркунуч жаратпайт.

Буга чейин Өзбекстандын Фергана облусунда дарыгерлер 11 айлык ымыркайдын денесинде 16 ийне бар экенин аныкташкан. Балага тез аранын ичинде операция жасалып, дарыгерлер ийнелер наристенин денесинде 1 айдан ашык убакыттан бери жүргөнүн билдиришкен. Ымыркайдын атасы Орусияга иштегени кеткендиги, ал эми апасы убактылуу өзүнүн ата-энесинин үйүндө жашап жатканы белгилүү болгон.

Денесинен 16 ийне табылган ымыркай
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
G.Bale
2018-02-23 03:02:38
Ал ийне кайдан жана кантип кирип калганы жонундо да маалымат берсенер Супер.инфо? Анчаны жутуп алалбайт бирок.
+11
jarkyn_jakta_jasha
2018-02-23 05:37:44
G.Bale, ал наристе уйдогу допу тиге турган ийнелер топтомун жутуп алыптыр. Допуга сайма сая турган ийнелер аябай кичинекей келишет. Ошондуктан кызыл онгочуно доо кеткен эмес.
0
madina.87
2018-02-23 03:26:48
иии ширин бала экен.ким кылса да акыретте азабын алаар.
Омурун берип айыгып кет балакай
+5
asuman
2018-02-23 04:14:29
Аллах таалам омур берип,шыпаасын берсин.айыгып кетсин ылайым.балдарды коргойлучу,кордобой
+5
Pchelka85
2018-02-23 10:33:47
Ананайын ииий.. Аман эсен айыгып кетсин!!!
+3
Totyua.71.
2018-02-23 17:34:24
Эмне учун ийне сайылганы ушул кунго чейин айтылбайт го....
0
aliya150715
2018-02-23 19:34:58
иий жакшы болуптур озуно келип кичине эмес эле аябай чон ийнелер жана зым болуктору дешкенгоо анан озу жуткан эмес териден сырттан тыгылган ар бир ийнеанан бир кундо сайылган эмес ийнелер дештиго врачтар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан