Ашпоздор чүчпара кыш мезгилине ылайыктуу тамак деп эсептешет. Анткени ал ысык, тоюмдуу жана калориялуу тамак. Бул ирет биз сиздерди орус чүчпарасынын "туугандары" менен тааныштырууну туура көрдүк.
Мисалы, Кытайда димсам аттуу чүчпара толук кандуу тамак эмес, закуске катары саналат. Ичине балык, эт, креветки, ал гана эмес, мөмө-жемиштерди салып түйүшөт. Мөмө-жемиш менен жасалганы десерт катары чай менен берилет.
Вонтон гёдза деген чүчпаралардын рецебин “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№799, 23-февраль, 2018-жыл) табасыз. Менюңузга кошуп алууну унутпаңыз.