Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынан депутат Дамирбек Асылбек уулунун Казакстанда укук коргоо органдары тарабынан кармалышы боюнча коомдо кызуу талкуулар токтой элек. Анын Казак жарандыгы да бар экендиги боюнча тараган маалыматтар бул талкуулардын толкунун күчөттү. Бирок көптүн көңүл борборунда турган сансыз суроолордун жообу толук айтыла элек.
Жогорку Кеңештин депутатынын башка өлкөнүн жараны болуп чыгышы Кыргыз парламентинин тарыхындагы биринчи окуя эмес. Буга чейин "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Жыргалбек Саматовдун башка өлкөнүн жарандыгын алганы боюнча маалыматтар тарап, анын депутаттык мандатынан ажыратылышына алып келген.
Конституцияга ылайык, башка өлкөнүн жарандыгын алган, Кыргыз мамлекетинин жарандыгынан чыккан адамдарга Жогорку Кеңештин депутаты болууга жол берилбейт. Бул мыйзамды бузуп, Жогорку Кеңештин депутаттыгына барган жарандарга карата көрүлө турган чараларга SUPER.KG кызыгып көрдү.
Юрист, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиевдин айтымында, Жогорку Кеңешке катталган талапкерлер үчүн биринчи кезекте партиялар жоопкерчиликти алышы керек. БШК бул учурда шек жараткан талапкерлер боюнча гана укук коргоо органдарына суроо-талаптарды жиберүүгө укуктуу.
"БШКга тизмени партиялар берет. Биринчи кезекте ошолор жоопкерчиликти алышы керек. 182 мамлекет бар, алардын баарына талапкерлердин жарандыгын сурап кайрылып чыгуу мүмкүн эмес. Азыр баары БШКны күнөөлөп жатат. Эгер кайсы бир булактан анын жарандыгы боюнча маалымат түшкөнүнө карабай каттап койсо, анда БШКнын күнөөсү болмок. Бул маалымат эми чыкты. Мыйзамдын талабын бүт баары жакшы билишет. Кош жарандуулугун жашырган адамдар партияга арыз жазганда, биринчиден, партиялаштарын, кийин БШКны алдап жатат. Бизге документтерин алып келгенде паспортторун карап чыгабыз. Биз укук коргоо органы эмеспиз, ошондуктан келген документтерди карап чыгып, аларга ишенүү менен юридикалык жактан бекитип беребиз. Кийин алардын жарандыгы ашкереленип калса, тилекке каршы, мыйзамда жоопкерчилиги каралган эмес. Булардын жоопкерчилиги өздөрүнүн абийиринде эле болот", - деди Осмоналиев.
Дамирбек Асылбек уулунун фракциялашы Кубанычбек Нурматов партияга тизмеге кирүүнүн жол-жобосун жана талаптарын айтып берди.
"Биз паспорт жана башка зарыл болгон документтердин баарын тапшырабыз. Талап кылынган документтерди биринчи партиянын, кийин БШКнын юристтери текшерип чыгат. Бул жерде саясат болуп жатат деген да ой бар. Дамирбек эки жолу депутат болгон жигит. Биз Мамлекеттик каттоо кызматынан сурасак, башка өлкөнүн жарандыгын алуу үчүн кайрылбаганын айтып жатат. Менин оюмча, бул спорт чөйрөсүндө жүргөндө Казак тарап спортчуга өздөрү эле паспорт жасап берип, Казакстандын атынан мелдештерге чыгарып турушкан. Эгер алар паспорт берген болсо, Казакстан өзү жооптуу болушу керек. Анткени ал бул жактан жарандыктан чыккан эмес. Бизде анын кош жарандуулугу боюнча такыр маалымат болгон эмес", - деди Нурматов.
Ал эми Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, саясий партиялар тизме түзгөндө талапкерлердин соттолгондугу боюнча гана маалыматтар иликтенет.
Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов Кыргыз өлкөсүнүн жарандарына кош жарандуулук алып жүрүүгө тыюу салынбаганын белгиледи.
"Эгер кимдир бирөө бизде каттоодо туруп башка жактан жарандык алса, келип өлкөдө ишкерлик кылса ага чектөө жок. Ал эми укук коргоо органдарында, коопсуздук тармактарында, мамлекеттик кызматтарда, саясий кызмат орундарында иштөөгө мыйзам жол бербейт. Ошондуктан айрымдар башка жактан жарандык алганын жашырып, кийин мындай маселелер жаралып калууда", - деди Эржигитов.
Укук коргоочу Рита Карасартова жарандар боюнча бирдиктүү маалымат базасы жоктугунан маселе жаралып жатканын айтат.
"Биринчиден, өкмөттүн бирдиктүү маалымат базасы жок. Бардык мекемелер бири-бири менен маалымат алмашпайт. Чет өлкөнүн маалымат базаларында жарандын фамилиясын жазганда эле анын бардык маалыматтары бирдиктүү көрсөтүлөт. Азыр мурдагы СССРге мүчө өлкөлөр менен бирдиктүү маалымат база түзүүнүн да зарылдыгы бар. Анткени канчалаган жарандар Орусиядан жарандык алды", - деди Карасартова.
Укук коргоочу Дамирбек Асылбек уулу мамлекет тарабынан алган каражаттарын кайра төлөп берип, анын үстүнөн айыпка жыгып, башкаларга сабак боло турган мыйзамдуу чаралар көрүлүшү керек деген пикирде.
"Азыр иш козгогонго деле негиз жок. Анткени депутаттардын өзгөчө статусу бар. Ал үчүн парламент уруксат бериши керек. Өтө эле оор кылмыш болгондо гана депутаттардан уруксат сурабай туруп иш козголот.
Бул иштин баары Башкы прокуратуранын ишмердүүлүгүнө көз каранды. Анткени прокуратура мыйзамдуулуктун аткарылышын көзөмөлдөгөн орган. Азыр бул депутаттын мандатын жөн эле алып койбостон, анын мамлекеттен алган акчасынын баарын кайра төктүрүп, айыпка жыгыш керек. Азыр бюджетке акча түшүрүү абдан оор маселе. Бирок мыйзамдуу база бар. Анткени чет өлкөнүн жарандыгы бар адамга депутат болгонго жол берилбешин билип туруп, эки жолу депутаттыкка барганы боюнча эле иш козгоп, жарандык доо менен бүт каражаттарды төктүрүш керек. Ошондо кийинкиге да бул сабак болот", - деди Карасартова.
Эске салсак, 19-февраль күнү Казакстандын Башкы прокуратурасы аталган өлкөнүн чек арага жакын аймагында контрабанда менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракетти күчөтүү, бажыга байланыштуу тармагындагы укукка каршы ишмердүүлүктү токтотуу максатында атайын операция жүргүзүлгөнүн билдирген. Жыйынтыгында 35 шектүү адам кармалып, анын ичинде 3 Кыргыз жараны бар. Анын бири - Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги тастыкталган. Кармалгандар Кытайдан Казакстанга, ошондой эле Кытайдан Кыргыз мамлекети аркылуу Казакстанга көмүскө схемалар жана жасалма документтер менен товар киргизүүгө шектелип жатышат.