Түркия бийлиги демонстранттарга тез арада Гези сейил багын бошотуу буйругун берди

Түркия бийлиги 12-июнь күнү кечинде өлкөдө баш аламандык уюштуруп жаткан демонстранттарга тез арада Гези сейил багын бошотуп чыгып кетүү буйругун берди. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады. "Эркиндик жана адилет" партиясынын төрагасы Хусейн Селик билдиргендей, талапты укпаган жана нааразычылык акциясынын катышуучуларына тийиштүү чаралар көрүлөт. Ал эми баш аламандыктын башталышына себепкер болгон Гези сейил багына соода борборун куруу маселеси жалпы элдик референдумга коюлат. Учурда аталган сейил бакта өлкөнүн премьер-министри Режеп Тайип Эрдогандын (сүрөттө) отставкасын талап кылган жүздөгөн жаран бар.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан