Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү

Бүгүн, 13-июнда ЖКда жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын жоопкерчилигин күчөтүүгө жана аларды шайлоо жүрүмүн ыраатташтырууга багытталган мыйзам долбоору талкууланды. Ал үчүн “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарга тиешелүү түзөтүүлөр киргизилип жатат. Демилгечилердин бири Мирлан Бакировдун айтымында, мыйзам долбоору аркылуу саясий партиялардын жергиликтүү шайлоолорго жигердүү катышуусуна кеңири жол ачылууда. Ошону менен бирге, долбоордо шайлоочулардын жоопкерчилиги да каралган. Мисалы, үгүт материалдарына зыян келтирген адамдарга карата административдик жаза чаралары колдонулат. Мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан