Жогорку Кеңештин делегациясы Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин ишмердүүлүгү менен таанышышты

Төрага Асылбек Жээнбеков башында турган депутаттар Урмат Аманбаева, Курманбек Дыйканбаев, Эркингүл Иманкожоева, Эсенгул Исаков жана Надира Нарматова Анкара шаарына болгон иш сапардын алкагында Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты. Элчи Эрмек Ибраимов Түркиядагы кыргыз элчилигинин ишмердүүлүгү жөнүндө кеп кылып, өлкөлөр ортосундагы кызматташууну кеңейтүү боюнча милдеттемелер тууралуу айтып берди. Баарлашуунун жүрүшүндө кыргыз-түрк мамилелеринин активдешүүсүн эске алуу менен өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү, Кыргызстан экономикасына инвестиция тартуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле төрага Түркиянын дин иштери боюнча башкармалыгынын демилгеси менен курулган Ахмет Хамди Аксеки мечитинде болду. Мечиттин имараты 2013-жылдын апрелинде колдонууга берилген. Мечит кызматкерлери мамлекеттин диний коомчулук менен өз ара кызматташуусу боюнча түрк тажрыйбасы жөнүндө сөз кылды. Мындан сырткары радикализмди, экстремизмди алдын алуу, диний нравалык баалуулуктарды сактоо, жаштарды тарбиялоо максатында мамлекеттин дин иштерин жөнгө салуусу боюнча маселелердин кеңири чөйрөсү багытында пикир алмашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан