ЭЛДИК КАБАР: "Аккула" ат майданында шарт жок, көрүүчүлөрүнүн болсо маданияты жок"

"Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданына кирүү акысы 200 сом, бирок ылайыктуу эч кандай шарттар түзүлгөн эмес", - деген билдирүүнү окурман "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу билдирди.

"Нооруз майрамына карата өтүп жаткан көк бөрү боюнча мелдештин жарым финалына кирүү акысы 200 сом болду, эми финалда 300 сом болот деп жатышат. Көрүүчүлөргө эч кандай шарттар каралган эмес, туруп көрүүгө аргасыз болдук. Жок дегенде кирүү акысын 100 сомго түшүрүп коюшпайбы?" - деп жазат окурман билдирүүсүндө.

Бул кабарга удаа эле дагы бир маалымат келип түштү. Анда окурман ат майданга келген көрүүчүлөрдүн тартибине нааразычылык билдирген.

"Биздин айрым күйөрмандардын маданиятын жакшы деп айтууга болбойт. Каалаганын жасашат. Кааласа семичке чагып, калдыктарды ыргытып, түкүрүнүп сөгүнүшөт. Деги качан маданияттуу болууну үйрөнөбүз?" - деп билдирген окурман.

Эске салсак, 2017-жылы 21-мартта аталган ат майданда адамдардын саны абдан көп болгондон улам көрүүчүлөр темир конструкцияга чейин чыгып кетишкен. Ал эми айрым көрүүчүлөр майданга чейин чыгып жатышкан.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Arlenchik
2018-03-20 12:41:02
Ачыгын айтканда ошондой эле, кыргыздар маданият дегенди билбейбиз, коомдук жайларда озубузду кантип алып журушту билбейбиз, колдонгон нерселерин ошол жерине таштап салышат, балчайтып тукурушот, айлана чойродо улуусуда, кичуусудо журот деп элди козго илбейле согунуп суйлой беришет, чон эле балдар копчулук нары бери отуп атса кубалашып, курошуп ойноп, орой создор мн суйлошо беришет, ар бир адам таза жана тартиптуу болууну озунон башташ керек.
+4
Azat.97
2018-03-20 12:58:14
Туура.Моюнга алабыз маданият дегенди билбейбиз.Анан баарыбыз эле нервбиз аны да моюнга алышыбыз керек.
+3
Jelezo
2018-03-20 13:52:58
Эң маданияту депутат Жылдыз Мусабекова
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан