Асылбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшыруу талабы боюнча: "Мискенбаевдин өзүнөн сурагыла"

Бүгүн, 20-мартта Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын чукул жыйынында депутат Асылбек Жээнбековдун маселеси каралбайт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына фракция лидери Иса Өмүркулов билдирди, бирок эмне маселелер карала турганын айтуудан баш тартты.

Асылбек Жээнбеков Мээрбек Мискенбаевдин талабы боюнча "Мискенбаевдин өзүнөн сурагыла" деп жооп берди.

Айта кетсек, иш-чара жабык эшик артында өтүп, журналисттер киргизилген жок. Жыйынга президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов келген. Фракция мүчөлөрү бул жыйында кандай маселелер карала турганын билбестигин айтышкан.

Буга чейин 17-мартта Бишкекте “Айкөл Ала-Тоо” жана “Мекен шейиттери” уюмдары 2002-жылкы Аксы, 2010-жылкы Апрель окуяларына арнап эскерүү жыйынын өткөрүшкөн. Анда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев "президенттин иниси Асылбек Жээнбеков өзү убадалагандай парламенттеги депутаттык мандатын тапшырып, биздин катарга кошулсун" деген талапты койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан