Аксыда 3 районду бириктирген көпүрөнүн четин өткөн жылы суу жеп кетип оңдолгон. Бирок тосмолор коюлган эмес. Быйыл да суу жеп кетүү коркунучу бар. Мындай маалыматты окурман "Элдик кабар" рубрикасына кабарлады.
"Ала-Бука, Аксы, Чаткал райондорун бириктирген унаа жолунун Падыша-Ата суусундагы көпүрөнүн жээгин өткөн жылы суу жеп кеткен. Кийин ал эптеп эле унаа өткүдөй болуп оңдолуп, толук бүткөрүлгөн эмес. Четине тосмолор коюлган жок. Жакында дарыядагы суу көбөйө баштайт, мындай турса быйыл да жээгин суу жеп, каттам жабылып калуусу мүмкүн", - деп жазган окурман билдирүүсүндө.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.