"Жалал-Абаддагы эки жолдун кесилишиндеги айланмага орнотулган эстеликтин жанында жылкылар оттоп жүрөт. Милиция болсо аны карап турат", - деп окурман "Элдик кабар" рубрикасына кабарлады.
"Жалал-Абад шаарынын Сузак району менен чектеш жеринде жайгашкан Көк-Арт айылына кеткен жолдогу айланмада орнотулган Тукубай Тайгаревдин эстелигинин жанында жылкылар жайылып жүрөт. Аны болсо милиция кызматкерлери жөн гана карап коюп турушат", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.