Бишкек-Ош жолунда "Сосновка" посту жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта окурман "Элдик кабар" рубрикасына маалымдады.
Анын айтымында, көзөмөл өткөрүү пункту 2 саатка жабылган.
"Анын себебин Бишкек-Ош жолуна көчкү түштү деп түшүндүрүштү. Мен Бишкектен Жалал-Абадга жол тарткан элем, учурда бул жерде унаалар көбөйө баштады", - деп жазды окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.