ЭЛДИК КАБАР: Окурман: "Ноокаттагы Күнгөй-Кожоке айылындагы сайлардан кумдарды ташып кетип, суу жээктерин бузуп жатышат"

"Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Насирдин Исанов айыл өкмөтүндөгү Күнгөй-Кожоке айылындагы сайлардан кумдарды ташып кетип жатышат. Мындай абал уланса сайдын нугу бузулат", - деп бүгүн, 22-мартта окурман "Элдик кабарга" жазды .

Окурмандын маалыматында айтылгандай, кумдарды КамАЗ унаалары менен ташып кетишет.

"Жаз - жаан-чачындуу мезгил келди. Суунун нугу көбөйөт. Сайдагы суунун нугу бузулса, айылды сел алышы мүмкүн. Учурда эл кум ташыгандар тыйылбай жатканына санаа тартып жатат", - деп билдирди ал.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Ermekbai
2018-03-23 13:35:19
Автор телефон утуп алайн деп эле жөнөтөбербе андан көрө ошол каМаздардан 5сомдон сурап тилемчилик кыл. Ошол жерден шагыл (шебен) алып үй, ат кана, стройкаларың баарын салып жатасың. Анан эле бирөө менен мамилең келишпей калса сүрөткө тартып ичи тарлык кылба. Илгертен бери Ноокат районун чыгыш жашы сройкага ошол жерден алып келет. Көрө албастык жаман адат. Чын жүрөктөн элге жерге күйүп жатсаң башка да жолдору бар.
+4
almanbetperm
2018-03-23 13:42:31
Кайдан аласын анан, озун деле уйдо стройка кылсан керек
+2
dasta
2018-03-23 13:43:50
Афтор сен стройка кылбайсынбы эмне. Ал табигаттын бизге берген белеги бугун алып кетсе эртен кайтып келет. Айылга анын эч кандай зыяны жок сен дондо жашасан сай ылдый жакта болсо кантип кооптуу болушу мумкун. Ал сайдан мен ээстарткан бери камаздар таш кум ташышат. Эч жери азайган жок. Кайра эле келеберет
+3
aishe
2018-03-23 14:56:28
Ким жөнөттү экен ушуну))))Жердеш привет)))
+1
vavilon.
2018-03-23 15:13:16
Шагыл десең кум дебей. Кум деп жанагы шыбак кылчуу кумду айтчуу эле.
0
Batma08
2018-03-23 16:37:14
Ха ха менда билгим келди ким экенин.
0
DUNI
2018-03-23 16:53:13
Ушуларды деп, арзанраак ташып аткан шагалдар стройка башталганда кымбаттап кетпесе болду. жонле отура бербейсинерби эртен сэл келсе агызып деле кететго
0
-Sumitra-
2018-03-23 21:07:44
Ушул жерден да бар экен го жердештер))
0
SALMANCHIK24
2018-03-23 23:39:13
Экскватор ат кананын жанында турат эл жокто секин чыгып жуктоп эл кобойгондо качат деп уктук
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан