Ош шаарындагы Бакыт үйүнүн абалы талаптарга жооп бербегендигин окурман "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу билдирди.
"Ош шаарындагы Бакыт үйү тез арада оңдоп-түзөөгө муктаж. Ал жердин абалы калктын кыжырын келтирет. Карап, көзөмөлдөгөн адам жок. Болгондо да Бакыт үйүнүн мындай абалда болушу жанды кейитет. Ал аз келгенсип, эшиктин алдында катарынан тизилген унаалар элге тоскоолдук жаратат", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.