Бүгүн, 23-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Сөз эркиндиги менен ЖМКлардын абалы кайрадан талкууда. Бишкекте “ЖМКларга каршы массалык доо арыз берүү жылы: Канча сөз эркиндиги калды?” деген темада тегерек стол өттү. Анда өлкөдө сөз эркиндиги чектелип жатат деген пикирлер көп айтылды.
Коомчулуктун, жарандык активисттердин, эл аралык уюмдардын эскертүүлөрүнө, кооптонууларына карабай миллиондук доо арыздар парады уланууда. “Дан” мамлекеттик ишканасынын директору, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин активдүү тарапташы Алга Кылычов “ар-намысыма шек келтирди” деп жарандык активист Мавлян Аскарбековду сотко берип, аны 70 миллион сом доого жыгууну талап кылууда. Кылычов: “Мавлян Аскарбеков менин аброюма шек келтирген билдирүү жарыялаган. 2 жыл бою интернетте мени шылдыӊдап жазып келди”, - дейт. Ал эми Аскарбеков Кылычовдун дооматына макул эмес, анын 2 жылдан кийин сотко кайрылуусунун артында УКМК, ИИМ жана Башкы прокуратура турушу мүмкүн дейт. 2 жыл көп деле убакыт эмес. Орусиялык жаран Маевский 2010-жылы болгон окуя деп 7 жылдан кийин Өмүрбек Текебаевдин үстүнөн арыз жазып, анын көрсөтмөсүнүн негизинде кыргыздын атактуу мамлекеттик ишмери, депутат, "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 8 жылга соттолуп кетти. Кызыгы, эмне үчүн 70 миллион сом? Бул сумма эмнеге негизделгени белгисиз. Өлкө тарыхында эч бир аброй, атүгүл президенттин кадыр-баркы, мындай ири суммага “бааланган” эмес, ошондуктан Кылычовдун “алкымы” талкуу жаратууда.
2017-жылы эсте калган миллиондор. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин аброюна шек келтирди деп Башкы прокуратура “Заноза” сайтынын үстүнөн 5 арыз жазып, доонун жалпы суммасы 30 миллион сомго жетти. Сот арызды канааттандырып, айыпталуучулардын мойнуна ири суммада карыз илинген.
Өткөн жылы президенттик шайлоонун алдында “24 кг” сайтына “Сочиге сапар. Кремлге мураскердин артыкчылыгын кайра түшүндүрүп жатышат” деген аталышта макала чыккан. Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун штабы макаланы “жалган-жалаа” деп атап, сайтты жана макаланын автору Кабай Карабековду сотко берип, экөө 5 миллион сомдон доого жыгылган. Быйыл 5-февралда президент Жээнбеков “24 кг” сайтына коюлган 5 миллион сом доосунан баш тартты. Бирок Карабековдун моюнунан 5 миллион карыз алынган жок.
Ошондой эле былтыр Бишкектин мэри Албек Ибраимов “кадыр-баркыма шек келтирди” деп Өмүрбек Текебаевди сотко берип, башкы “ата мекенчи” 1 миллион сом доого жыгылган.
Парламент депутаты Дастан Бекешев социалдык желеде адамдын кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөр үчүн жазаны күчөтүүгө аракет кылууда. Бул үчүн тийиштүү мыйзамга “доо арыздын эӊ төмөнкү чеги 20 миӊ сомдон ылдый болбосун” деген норма киргизилүүдө. Жогорку Кеӊештин бир нече депутаты социалдык түйүндөрдө алардын дарегине жазылып жаткан сындарга чычалап, сындарды ооздуктоого улам аракет кылышууда. Айтор Кыргызда “сөз эркиндиги” менен “негизсиз каралоонун” чек арасын аныктоо иши кымбатка турууда. Эксперттердин айтымында, 2017-жылы ЖМКларга жана аларга оюн билдирген жарандык коомдун өкүлдөрүнө карата коюлган доонун жалпы көлөмү 52 миллион сомго жеткен. 2018-жылдын алгачкы доо арызы дароо 70 миллион менен старт алды...
Биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиев УКМКда суракка алынды. Чиновник Жогорку Кеӊештин бюджетинен уурдалган 30 миӊ доллар боюнча суралды.
Ушул жылы 9-февралда парламенттин Эл аралык иштер комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закиров 30 миӊ долларды ыйгарып алууга шектелип кармалган. Бул КМШ Парламенттик ассамблеясынын Чыӊгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыгына кошо берилчү акча болгон. Акча парламент бюджетинен Эл аралык иштер комитетинин ал кездеги төрагасы Аскарбек Шадиевдин колу коюлган документтин негизинде алынган. Муну Шадиев өзү моюнга алып, бирок документке билбей кол койгонун айтып жатат.
2017-жылы декабрда Шадиев биринчи вице-премьер-министр кызматына шайланып, комитет төрагалыгынан кеткен. Президент Сооронбай Жээнбеков 8-февралда Коопсуздук кеӊешинин жыйынында коррупцияга каршы күрөштү жогорку бийлик органдарынан баштоо керектигин айткан эле. Бул арада УКМКнын Коррупцияга каршы кызматына жаӊы жетекчи дайындалды. Жакында Жогорку Кеӊештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев да УКМКда сурак берип, аталган мекеме Осмоналиевдин 27 абитуриентти окууга киргизүү үчүн 14 миӊ доллар алганы аныкталганын билдирди. Жарандык коом 30 миӊ долларды ыйгарып алуу бөлүм башчы жалгыз жасай турган иш эмес экенин белгилеп, Шадиевдин “документке билбей кол койгом” деген жообуна ишенбей турган учур...
Жогорку Кеӊештин депутаты Рыскелди Момбеков КСДП партиясы Кытайдын Коммунисттик партиясынан 1 миллион сом суммасында жардам алганын айтып чыкты. Депутат “бул акча партиянын жеке иштерине, “Форум” имаратындагы партиянын жыйын өтүүчү залын оӊдоого жумшалат деген маалымат бар” деп билдирди.
Адегенде КСДП төрагасынын орун басары Фарид Ниязов аталган жардам былтыр күзүндө Кытайдын Компартиясынан алынгандыгын ырастады. ЖМКлардын бирине "жардам акчалай эмес, техникалык жабдуу түрүндө берилген, бирок ал партиянын балансына өткөрүлө элек" деди. Көп өтпөй Фарид Ниязов "super.kg" порталына бул маалыматка тактоо киргизип, Кытайдын Коммунисттик партиясынан келген бул жардам Жогорку Кеӊешке алынганын, КСДП фракциясы анын ичинде экендигин билдирди. Фарид Ниязовдун бул сөзүн ушул эле күнү Жогорку Кеңеш маалымат кызматы аркылуу төгүнгө чыгарды. Парламенттин маалымат кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу Жогорку Кеңеш 2017-жылы Кытайдын Компартиясынын атынан эч кандай техникалык жардам албаган деди. Ал билдиргендей, Жогорку Кеӊешке былтыр 1 миллион сомдук техникалык жардамды Кытайдын Бишкектеги элчилиги берген.
Кыргыз Республикасынын “Саясий партиялар жөнүндө” мыйзамын эске алсак, саясий партияларга чет мамлекеттерден, чет элдик партиялардан, чет мамлекеттин юридикалык жана жеке жактарынан каржылоо алууга тыюу салынат.
Бүгүнкү депутат Момбеков менен партиянын төрагасынын орун басары Ниязовдун окуясы аталган партия учурда демократиянын үлгүсүн көрсөтүү милдетин моюнга алгандай элес калтырат. Учурдагы бийликтин катачылыктарын кескин сындаган, партиядагы коомчулуктун көзүнөн жашыруун турган иштерди айтып чыккандар да дал ушул партиядан, ушул фракциядан болууда. Бир кезде Өмүрбек Текебаев башкаруучу коалицияда туруп бийликти сындаган сыңары...