Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Кытайдын Коммунисттик партиясы КСДПга жардам иретинде 1 миллион сомдун тегерегинде каражат бөлгөнүн айтты. Бул тууралуу ал 23-мартта SUPER.KG порталына билдирди.
"Мен жакында КСДПга 1 миллион сомдун тегерегиндеги каражат бөлүнгөнү боюнча маалыматты уктум. Кандай жардам, бөлүнгөн акча эмнеге жумшала турганын партиянын курултайында айтылышы мүмкүн. Каражат боюнча партиянын жетекчилери жооп бериши керек", - дейт ал.
"Саясий партиялар жөнүндө" мыйзамына ылайык, саясий партиялар чет мамлекеттер тарабынан каржыланганга тыюу салынат.