"Кечээ, 23-мартта Кыргыз улуттук университетинин 9-жатаканасынын жашоочуларын чыгуусун, бөлмөлөрдү бошотуусун талап кылган жетекчилик тараптан жатакананын электр жарыгын өчүрдү", - деп окурман "Элдик кабарга" билдирди.
Анын айтымында, электр жарыгы бүгүн, 24-мартта дагы күйгөн жок. "Бүгүн жатакананын жашоочулары менен сүйлөшүп, 26-мартта саат 15:00дө университеттин ректоратына бармай болдук. Эгер жооп болбосо Билим берүү жана илим министрлигинин алдына митингге чыгабыз", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.