Бүгүн, 28-мартта Ош облустук соту кайненесинин башын кесип өлтүргөн келин менен анын эжесинин ишин карайт. Бул туурасында SUPER.KG порталына маркумдун бир тууганы Аваз Арзыбаев билдирди.
"Бүгүн облустук сот саат 12:00дө кайра бул ишти карап баштайт. Биз нааразыбыз. Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн өлүмгө 20 жылды бериш өзү туура эмес. Анан дагы эжемдин башы ушул күнгө чейин табылган жок. Биз окуя болгондон бери маркум эжемдин жолдошуна, келиндин күйөөсүнө, эң жаманы эки кичинекей баласына убал болду. Балдар окуядан кийин каралбай калгандыктан балдар үйүнө бергенбиз. Азыр эми облустук сот адилет чечим чыгарып берсе, балдарды кайра алабыз деп сүйлөшүп жатабыз. Ал эми келиндин туугандары сотко да келбей жатышат", - дейт Арзыбаев.
Эскерте кетсек, 2017-жылдын 27-август күнү эртең менен Ош шаарынын Курманжан датка кичи районундагы таштанды таштоочу урнадан башы кесилген белгисиз аялдын жансыз денеси табылган. Ош ШИИБинин берген маалыматына таянсак, маркумдун аты-жөнү такталып, анын А.Жумагүл аттуу аял экендиги аныкталган. Маркумдун өлүмүнө шектүү катары эже-сиңди кармалган. Алардын бири каза болгон аялдын келини болгон. Шектүүлөр ошол күнкү окуянын чоо-жайын айтып беришкен. Кошумчалай кетсек, шаардык милициядан билдиришкендей, шектүүлөр "маркумдун башын ушул жерге таштаганбыз" деп көрсөтмө берген жерден анын башы табылган эмес. Ал эми маркум 31-август күнү өзү төрөлгөн Кашка-Суу айылында башы жок жерге берилген. Ал 2018-жылдын 2-февралында Ош шаардык сотунун өкүмү менен 26 жаштагы А.У.А. бир нече берене менен күнөөлүү деп табылып, 20 жылга катуу тартиптеги абакта жазасын өтөй турган болгон. Ал эми анын эжеси К.Г.А. да күнөөлүү деп табылып, 4 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.