Ошто "кайненесинин башын кесип, денесин таштанды челекке ыргытып салган" деп шектелген келин 20 жылга, анын эжеси 4 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Ош облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
"2018-жылдын 2-февралында Ош шаардык сотунун өкүмү менен 26 жаштагы А.У.А. бир нече берене менен күнөөлүү деп табылып 20 жылга катуу тартиптеги абакта жазасын өтөй турган болду. Ал эми анын эжеси К.Г.А. да күнөөлүү деп табылып, 4 жыл 6 айга эркинен ажыратылды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Эскерте кетсек, 2017-жылдын 27-август күнү эртең менен Ош шаарынын Курманжан датка кичи районундагы таштанды таштоочу урнадан башы кесилген белгисиз аялдын жансыз денеси табылган.
Ош ШИИБинин берген маалыматына таянсак, маркумдун аты-жөнү такталып, анын А.Жумагүл аттуу аял экендиги аныкталган. Маркумдун өлүмүнө шектүү катары эже-сиңди кармалган. Алардын бири каза болгон аялдын келини болгон. Шектүүлөр ошол күнкү окуянын чоо-жайын айтып беришкен.
Кошумчалай кетсек, шаардык милициядан билдиришкендей, шектүүлөр "маркумдун башын ушул жерге таштаганбыз" деп көрсөтмө берген жерден анын башы табылган эмес. Ал эми маркум 31-август күнү өзү төрөлгөн Кашка-Суу айылында башы жок жерге берилген.