Бишкек шаарындагы №121-маршруттук каттам каалаган убакта токтоп калат жана анын бир нече соңку аялдамасы бар. Мындай кабарды "Элдик кабар" рубрикасына окурман WhatsApp аркылуу билдирди.
"№121-коомдук транспорт эртең менен же кечинде жүрбөй калат анан дагы эрте токтойт. Көп жолу Абдрахманов көчөсүнөн маршруткага түшсөм, кечинде соңку аялдама ЦУМ болот деп түшүрүп салды. Негизи алардын бир соңку аялдамасы Чүй облустук ооруканасынын жанында болчу. Маршруттук таксилерге тартип барбы же каалаган убакта жүрүп, каалаган жерин соңку аялдама кыла беришеби?" - дейт ал.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.