Биз социалдык тармакта

"Жунхай" базарындагы өрт кантип өчүрүлдү? (видео) 

Кечээ, 22-октябрда "Жунхай" базарындагы контейнерден өрт болжолдуу 1000 чарчы метр аянтка жайылды. Бул тууралуу ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгы билдирди.

Маалым болгондой, өрттү өчүрүүгө саат 19:41де жалпы 8 күжүрмөн эсеп, штаб, 5 куткаруучу тартылды. Окуя болгон жерде кырдаалды өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Искендер Сулайманов координациялады. Өрт саат 21:33тө чектөөгө алынып, 01:01де толук өчүрүлдү.

Жабыркагандар жок. Өрттүн келип чыгуу себеби аныкталып жатканы маалыматта кошумчаланды.

"Жунхай" базарындагы өрт кантип өчүрүлдү?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан