ЭЛДИК КАБАР: Москвадагы Кыргыз диаспорасына берилген жайды жеке адам өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланганы айтылды

"Москва шаардык бийлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын диаспорасына берилген павильонду жеке адам пайдаланып жүргөн", - деп SUPER.KG порталына "Кыргыз Биримдиги" аймактар аралык коомдук уюму, "Мекеним Ала-Тоо" аймактык коомдук уюму, Орус-Кыргыз стратегиялык жана коомдук демилгелерди колдоо борборунун жетекчилери кайрылышты.

Алардын айтымында, 2007-жылы Москва шаарындагы ВДНХ аймагынан жылдык ижарасы 1 рублга (1 сом 19 тыйын) бааланган павильон берилген.

"Аталган имаратты башкаруу кызматына "Кыргызстан соода үйүнүн" жетекчиси Кубанычбек Кожоев дайындалган. Ал 7 жыл ичинде имаратты жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланган. Тактап айтканда, жеке ресторан, медициналык борборун ачкан. Авиакассалар, акча которуучу, коомдук тамактануучу жайларды ижарага берген. "Кыргызстан" павильонун иштетүү мөөнөтү бүткөндө Кожоев имаратты оңдоп-түзөө иштерине 2 миллион доллар сарпталганын айтып, Кыргыз бийлигин сотко берген. Белгилей кетсек, имаратты оңдоп-түзөө иштерине Москвадагы Кыргыз диаспоралары кайтарымсыз негизде каражат беришкен.

Сотто Кыргыз Республикасынын бийлиги утуп алганда Кожоев имараттагы жаңы курулган конструкцияларды бузуп салган. Ошондой эле 2008-жылы ВДНХнын босогосуна коюлган боз үйдү 9 жыл бою өзүнүн коммерциялык кызыкчылыгы үчүн колдонгон. Диаспоралардын боз үйгө муктаждыгы жаралганда (Нооруз майрамы, Эгемендүүлүк күнү) колдонуудан чыгып, жараксыз болуп калган деген жүйөлөр менен бербей келген.

Ушундай жоруктарынан кийин Кожоев түптөгөн коомдук уюм Москва шаарындагы диаспоралык уюм катары эсептелбей калган. Мындан улам ал Орусия Федерациясынын Юстиция министрлигине 93 жаштагы ардагердин атынан "Кыргыз-Орус Конгресси" деген жаңы уюм түзүп, каттатып койгон. Бүгүнкү күнү Москва шаарында Кыргыз уюмдарынын коомдук иш-чаралары такай өтүүчү белгилүү бир жайы жок", - деп катта жазылат.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
grace
2018-03-29 20:38:58
Шумдугуң кур, ал жакта да жемкорлор! Чогулуп туруп жазасын бергиле, ким болсо да!
0
Angel92
2018-03-29 21:09:55
Жараксыз абалга келип калган экен эле.Коруп зээним кейиген.Башка павильонндорго кирсен ото сонун,а биздики чоп басып,талкаланганы талкпланып жаткан экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан