ЭЛДИК КАБАР: "Токтогул районундагы Чоң-Арык айылында электр мамылары менен зымдары кооптуу абалда турат" дейт окурман

"Токтогул районунун Кетмен-Төбө айыл аймагына караштуу Чоң-Арык айылындагы 4 көчөгө чырактарды орнотууну жергиликтүүлөр өздөрү демилгелеп, мамыларды орнотушкан. Бирок мамылардын, электр зымдарынын коопсуздугу эске алынган эмес", - деп окурман "Элдик кабар" рубрикасына билдирди.

Анын айтымында, учурда төрт көчөдө тең коопсуздук эрежелери сакталбай орнотулган электр мамылары турат.

"Алар кулап, электр зымдары үзүлсө адамдар кырсыкташы мүмкүн. Эмнеге айыл өкмөттөн, райондон тиешелүү тараптар карап койбойт? Негизи мындай жумуштар үчүн каражат каралат да, бирок эл өзү жасап жатканда да көзөмөл кылып койгон адам жок", - деп жазган окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
muzhik_18
2018-03-31 01:35:41
Окмотд деген ушундай маселелерди чечсе кана, ар ким оз пайдасына эле иштеп журушот, элди ойлогон жан жок, аттин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан