Ош шаарында болжолдуу 8-9 жаштагы бала көчөдө, жерге картон кагаз төшөп алып уктап жатат. Мындай кабарды окурман "Элдик кабарга" билдирип, сүрөтү менен бөлүштү.
Окурмандын айтымында, бул 2-3 күн мурун тартылып алынган сүрөт.
"Мен Сулайман-Тоонун жанындагы көчөлөрдүн биринен өтүп бара жатып баланын картон үстүндө уктап жатканын байкап калдым. Ал кайыр сурап отурганын алдындагы акча салынган кутудан билсе болот. Ошол күнү жамгыр жаап, аба ырайы суук болчу. Баланын жука кийингени жана көчөдө уктап жатканы мени ойго салып жүрдү. Тиешелүү мекемелер, балким, бул баланын жашоосун изилдеп көрөт деген ойдо сүрөтү менен бөлүшүүнү туура көрдүм", - деп жазат окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.