Чүй облусундагы Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылындагы жолдо унаа менен да, жөө да жүрүүгө мүмкүн болбой калды. Мындай маалыматты жергиликтүү жашоочу "Элдик кабарга" билдирип, сүрөттөрү менен бөлүштү.
Окурмандын билдирүүсүнө ылайык, айылдагы жол аркылуу Ала-Тоо конушуна газ түтүктөрү киргизилген.
"Түтүктөрдү алып өтүү үчүн казылган жерлер жаан жааганда баткак болуп, элди кыйнап жатат. Жөө жүрсөң бутуң ылай болуп кыйналасың, унаа менен жүрсөң машинаң баткакка тыгылат. Түтүктү алып өткөндөр кайра жолду калыбына келтирип беребиз дегени менен азыр абалда такыр өзгөрүү жок", - деп жазды окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.