"Бишкек шаарында тротуары жок унаа жолдорду көрүп таң калам", - деп жазды окурман "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу.
Окурмандын билдирүүсүнө ылайык, Чүй-Сыдыгалиев көчөлөрүнүн кесилишинде "Дордой фуд" базары жайгашкан.
"Ошол базарга кирип бараткан унаа жолдун четинде тротуар жок. Унаалар зуулдап жүрүп турат. Ошол эле көчөдөн жөө адамдар да басканга аргасыз. Эмне себептен жол мындай салынганына түшүнбөйм", - деп жазган ал.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.