Биз социалдык тармакта

"Дордой" базарындагы өрт боюнча кылмыш иши козголду

Бишкекте жайгашкан "Дордой" базарындагы өрт боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу борбор калаанын милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 22-октябрда Дордой-6 жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан люстра сатылуучу кампадан өрт чыккан. Тилсиз жоо аталган кампада белгисиз себептерден улам чыгып, андан соң жанаша жайгашкан люстралар жана башка жарык берүүчү жабдуулар сакталган "Свет Про" жана "Мир Люстр" контейнерлерине жайылган. Жалпы 25 контейнер жабыркап, өрт каптаган аянт болжол менен 1000 чарчы метрди түзгөн.

Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жана денесинен жаракат алгандар катталган эмес. Кырсыктын келип чыгышынын мүмкүн болгон себептери катары ширетүү иштерин жүргүзүүдөгү кооптуулук каралууда. Өрттүн келип чыгуу себептери тиешелүү экспертизалардын жыйынтыгы менен аныкталат.

Окуянын жагдайларын толук жана объективдүү аныктоо, ошондой эле зарыл болгон тергөө аракеттерин жүргүзүү максатында Кылмыш-жаза кодексинин 275-беренеси (Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу, этиятсыздыктан оор же өзгөчө оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. Соттук өрт-техникалык экспертиза дайындалган.

Учурда келтирилген материалдык чыгымдын өлчөмү аныкталууда.

"Дордой" базарындагы өрт фактысы боюнча кылмыш иши козголду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан