
Бишкекте алдамчылыкка шектелип 34 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын милициясы билдирди.
Маалымдалгандай, ал февраль айында жабырлануучуну 10 миң 300 долларлык Kia K7 үлгүсүндөгү унаасын сатып алууда алдап кеткен. Шектүү 4300 долларын берип, калган 6000 долларын бербей койгон. Кийинчерээк унааны башка жаранга сатып жиберген.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Учурда анын ушул сыяктуу дагы үч кылмышка тиешеси болушу мүмкүн экендиги аныкталууда.