Биз социалдык тармакта

Экология министрлиги "Сенин кубатың" компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту

Экология министринин биринчи орун басарынын "Сенин кубатың" компаниясынын өкүлдөрү менен кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу аталган мекемеден маалымдашты.

Маалымдалгандай, жолугушууда электромобилдердин аккумуляторлорун чогултуу жана жок кылуу форматтарын биргелешип масштабдоо, кайра иштетүү инфраструктурасын түзүү жана бул тармакка инвестиция тартуу маселелери талкууланган.

Белгилей кетсек, "Сенин кубатың" компаниясы өлкө боюнча 1700 кубаттоочу түзмөк станциясын иштетет. Мындан тышкары, 2022-жылдан бери колдонулган батарейкаларды чогултуу боюнча демилгени ишке ашырып, жалпысынан 850 дөн ашык урна орноткон.

Жыйынтыгында тараптар ортосунда, колдонулган батарейкаларды чогултууну уюштуруу жана экологияга зыянсыз утилдештирүү боюнча кызматташуу жөнүндө меморандум түзүлдү.

"Министрлик ушул сыяктуу жашыл долбоорлорду ишке ашырган компанияларды колдойт жана колдонулган батареяларды чогултуу, сактоо, алып кетүү жана өлкө сыртында экологиялык жактан таза жол менен жок кылууга байланыштуу маселелер боюнча кызматташууга жана колдоо көрсөтүүгө даяр",- деп билдирди мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан