Тогуз-Тородо алтын ылгоочу комбинаттын өрттөлүшү боюнча кылмыш иши козголду

Тогуз-Тородо алтын ылгоочу комбинаттын өрттөлүшү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган факты боюнча 234-берене (бейбаштык), 174-берене (мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу) жана 233-берене (массалык тартипсиздик) менен кылмыш иши козголгон.

Андан сырткары аталган маалыматта учурда милиция кызматкерлери тарабынан коомдук тартип толук сакталып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ыкчам иликтөө иштери алып барылып жатканы айтылат.

Айта кетсек, буга чейин Тогуз-Тородо миңден ашуун адамдын катышуусунда митинг болгон. Алар аймактагы алтын ылгоочу комбинаттын курулушу токтотулуусун талап кылышкан. Митингдин жүрүшүндө алтын ылгоочу комбинаттын имараты өрттөлүп, ыргытылган таштан жаракат алып, 3 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургун ооруканага кайрылган. Кийин бул окуяга байланыштуу райондун акими кызматынан алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
fantomas
2018-04-12 11:48:35
Биринчиден кылмыш иши алтын комбинатын орттогон ЭЛГЕ эмес, бийликтегилерге карата козголушу керек... Эл канча айдан бери бийликке оз талаптарын айтып келет, митинг да уюштурушту, бийлик аларды угуп койдубу?!! Айласы кеткен ЭЛ ушундай кадамдарга барбай эмне кылсын...

Бийликтин чыныгы ээси ЭЛ деп айтылат. Ал эми бийликте отургандар элдин таламын талашуучу болгону окулдор...

Ошондо ЭЛге каршы чыгууга депутаттарга ким укук берди?!!
+9
Belekus
2018-04-12 23:23:01
fantomas, кылмыш кылгандан кийин жооп бериш керекта, кандай инвестор болбосода алар оз каражатына курду да ошол жерди. ал митингчилерге кошуп коррупционерлерди да жоопко тартыш керек дегенге кошулам
+1
fantomas
2018-04-12 11:56:12
Инвестор дейсинер, инвестор дегенинер силер менен (120 депутат, министр ж.б.) менен табакташ ууру эмей ким, Кыргыз элинин байлыгын уурдаган... Башкасын кой да Кумтордогу абалды эл жакшы билет, Кумтордогу алтындар кимдин чонтогуно куюлуп жатканын... Ала-Бука, Чаткал, Тогуз-Тороо, Чуй, Таластагы алтын-кумуш кендерине абал еще хуже...

Ошондо инвесторлор келбей калат деп ооз коптурбогуло, андай ууру-каракчы инвесторлорунардын кереги жок бизге...
+5
fantomas
2018-04-12 11:57:54
Инвестор демекчи кытайлык ТВЕА компаниясы инвестор эмес ким?!! Ошол ТВЕА компаниясы курган мектеп, ал модернизациялаган Бишкек ТЭЦиндеги миллиондор кайда кеткен, ошону аныктап, ошол акчаларды таап койгула, инвестор деп бакылдагыча!!!
+5
jaazira13
2018-04-12 23:36:12
fantomas,ал башка тема, ал жерде уурдап анан авариядан кийин кароолчу менен сантехникти кунологондорду жоопко тартыш керек
0
i1urp
2018-04-12 12:12:06
ХХХХХХХХ Жумуш жок деп отура бергиле.
-3
admin_media
2018-04-12 12:21:25
fantomas,
Провокация жараткан билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат! 3 күн БАНга!
-4
admin_media
2018-04-12 14:33:27
Myrzashka95, Chagylgan1, Dalil,
Эскертүү!
Порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек. Билдирүүлөр өчүрүлдү!
-2
nazarKGZ
2018-04-12 20:49:12
Сокекда барибир экен элин унун угуп койбойбу эмне элге каршы чыгып атышат
+2
dysha
2018-04-12 23:19:29
мына сага кыргызча инвестклимат деген
0
Belekus
2018-04-12 23:24:09
башынан баштап эле жергиликтуу бийлик элге жакын болуш керекта
0
jaazira13
2018-04-12 23:35:28
элге туура тушундуруп иштеш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан