Тогуз-Тородо митингден улам аймактык ооруканага 4 жаран кайрылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусундагы координатору Мамажан Миянов билдирди.
"Учурда Тогуз-Торо аймактык ооруканасына 3 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургун кайрылган. Алар ыргытылган таштан жаракат алышкан. Азыркы учурда алар дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, ооруканага жаткырылды", - деп билдирди Миянов.
Эске салсак, буга чейин Тогуз-Тородо митингге чыккан миңден ашуун адам алтын ылгоочу комбинатты өрттөп жибергени тууралуу кабарланган.