Тогуз-Торонун акими иштен алынды

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун акими Тилек Идирисов кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Айта кетсек, 11-апрелде аталган райондун Казарман айылында миңден ашуун адамдын катышуусунда митинг болгон. Алар аймактагы алтын ылгоочу комбинаттын курулушу токтотулуусун талап кылышкан. Митингдин жүрүшүндө ыргытылган таштан жаракат алып, 3 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургун ооруканага кайрылган.

Бул маселе КСДПнын жыйынында каралып жатканда, өкмөт башчы аталган райондун акими кызматтан бошотула турганын айткан. "Бул ишти жөн калтырганга болбойт, тийиштүү органдарга тапшырма бердим. Ким болбосун мыйзам алдында жооп бериши керек. Ал эми абалдын ушундай болушуна жеткирген акимди жумуштан бошотом", - деген Исаков.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан