Москвада таксист болуп иштеген Кыргыз жаранын белгисиз адамдар атып кетишти. Мындай маалыматты окурман "Элдик кабарга" кабарлап, ага мындай кабар WhatsApp аркылуу тааныштарынан келгенин билдирди.
Окурман жөнөткөн видеодон кыргыз тилиндеги сүйлөшүүлөрдү угууга болот.
"Москвада таксист болуп иштеген жаранды атып кетишкен. Аны кардарлар Киев темир жол бекетине жеткирип коюуну өтүнүшкөн. Таксист кызмат акысын 250 рубль деген. Айтылган дарекке жеткенде кардарлар 5000 рубль беришкен, кайтарым акчасын берүү үчүн капчыгын ачканда таксисттин көп акчасы болгон. Ошол акчаны алуу үчүн атышкан деген маалыматтар тарап жатат", - деп жазды окурман.
Анын айтымында, Москвада таксист болуп иштеген Кыргыз жарандарынын WhatsApp'та атайын тобу бар. Видео ошол топко башкаларды сак болгула деген чакырык менен келген.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.