"Кыргыз-Өзбек чек арасындагы "Достук" көзөмөл өткөрүү бекетиндеги маселе чечилбей эле, күндөн-күнгө күч алып жатат", - деп окурман "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу жазды.
Окурмандын билдирүүсүнө ылайык, кыргыз спортчулары Өзбекстандын Шахрисабз шаарында өтө турган мелдешке бет алышкан.
"Бул жерде кезек күткөн ар бир адамды аяйсың. Баары өз-өзүнчө маанилүү жумуштарын бүтүрүү үчүн жолго чыккандар. Арасында кары-картаңы, балалуусу, ооруганы бар. Айрымдары 5-6 саатка чейин өтүү үчүн кезек күтүшөт. Кыргыздын намысын коргоо үчүн күрөш боюнча беттешке бара жаткан спортчулар 3 саат кезек күтүштү. Спорчулардын жакшы натыйжа берүүсүнө бул абал таасир берет. Негизи эле чек арадагы маселе качан чечилет, буга качан көңүл бурулат?" - деп жазган ал билдирүүсүндө.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.