Тогуз-Торонун 100гө жакын тургуну Ак Үйдүн алдында митингге чыгышты. Алар митингди уюштурууга шектелип камакка алынган 12 адам бошотулсун деген талап коюшууда.
"Бул баш аламандыкты камалган 12 адам уюштурган эмес, бүтүндөй Тогуз-Торо эли уюштурду. Эгер кимдир бирөөнү камаш керек болсо, Тогуз-Торонун акими Тилек Идирисовду, алтын ылгоочу комбинаттын башкы директору Максат Жээналиевди, аткаруучу директору Руслан Асеиновду жоопко тартыш керек. Анткени аталган комбинатты өздөрү эле өрттөп салышып, күнөөнү элге коюп жатышат. Карапайым элде эмне күнөө?! Тогуз-Тородо уулуу заттардын кесепетинен оорунун түрлөрү көбөйүп кетти. Депутаттар ишенбесе ал жерге барып 1 жума жашап көрүшсүн, анан билишет", - дейт митингдин катышуучусу Жыпаркан Атыкулова.
Айта кетсек, буга чейин Тогуз-Тородо миңден ашуун адамдын катышуусунда митинг болгон. Алар аймактагы алтын ылгоочу комбинаттын курулушу токтотулуусун талап кылышкан. Митингдин жүрүшүндө алтын ылгоочу комбинаттын имараты өрттөлүп, ыргытылган таштан 3 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургун жаракат алып ооруканага кайрылган. Кийин бул окуяга байланыштуу райондун акими кызматынан алынган. Ошондой эле кылмыш иши козголуп, 150дөй адам суракка алынып, 15и кармалып Бишкекке алынып келген.
Аларды бошотуу талабы менен эл район борборуна жана Бишкекте митингге чыгышкан. 17-апрелде Биринчи Май райондук соту камакта отургандардын баш коргоо чарасын караган. Алардын үчөө өлкө аймагынан чыкпоого милдеттендирилип бошотулуп, калганы эки айга камакка алынган.