Ош шаарында жолдогу жаңы сызылган белгилерди ойноп сызгансып кыйшык сызышкан. Мындай маалыматты "Элдик кабар" бөлүмүнө окурман кабарлады.
"Ош шаарындагы Масалиев жана Ленин көчөлөрүн бириктирген көпүрө аркылуу өткөн жолго 22-апрель күнү карама-каршы багыттарды бөлгөн белги сызылган. Бирок ал сызыкты мас адамдар чийгенсип бирде оңго, бирде солго чыгып баштан-аяк түз сызылган эмес. Ош шаарынын негизги көчөлөрүндө ушундай абалда экени абдан өкүнүчтүү, көзөмөлдөгөн эч ким жокпу?" - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.