Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Куйручук айылында желекти тескери илип коюшкан. Мындай маалыматты "Элдик кабар" бөлүмүнө окурман кабарлады.
"Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Куйручук айылына кире беришине коюлган желек тескери илинип турат. Сүрөттө көрүнүп тургандай желектеги түндүк асманды эмес, жерди карап калган. Мындай кадамды Кыргыздын символикаларын сыйлабоо, шылдыңдоо катары кабыл алдым", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.